Түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгы тарабынан 5 ай ичинде 77 кылмыштын бети ачылган. Мындай маалымат ИИМдин басма сөз кызматы тарабынан бүгүн, 5-июнда кабарланды.
ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгы тарабынан жалпысынан 77 кылмыштын бети ачылса, анын ичинен адам өлтүрүү, ден соолукка атайылап зыян келтирүү, тоноочулук, унаа уурдай качуу кылмыштарынын 1ден, 4 тоноочулук, 4 опузалап пара талап кылуу, 7 зордуктоо, 10 ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча, 5 баңгизатын мыйзамсыз сактоо, адам уурдоо боюнча 2, алдамчылык боюнча 7 кылмыштын бети ачылган.
Буга катар эле кызматтык жана коррупциялык кылмыштарга байланыштуу: пара талап кылуу боюнча 3, кызмат абалынан пайдалануу боюнча 2 жана башка ар түрдүү 13 кылмыштын бети ачылган.