Улуу Британияда ач ит кошунасын тиштеп алды. Иттин ээси камакка алынышы мүмкүн

Улуу Британияда ач ит кошунасын тиштеп алды. Иттин ээси бир жылга камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 79 жаштагы Клифорд Кларк аттуу пенсионер кечки тамакты даярдап жаткан учурда ага канар породасындагы ит артынан келип кол салган. Клифорддун ачуу чаңырыгын уккан кошуналары жетип келгенде иттин оозунан көбүк агып, чалдын бир колун тиштеп турган. Алар дароо полиция кызматкерлерин чакырышкан. Укук коргоо кызматкерлери келгенде ит аларга да асылган. Мындан улам полиция кызматкерлери ок чыгарууга аргасыз болушкан. 

Тергөөнүн жүрүшүндө иттин кожоюндарынын ага 2 күн тамак бербегени жана кошунасы тараптагы дарбазаны ачык калтырып, шишкебек жегени кетишкени маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dastan_nookat
2014-06-05 10:57:30
Тобо!!!
0
abaychik
2014-06-05 16:57:58
Кудай сактааа!
0
depu
2014-06-05 21:37:25
Итти адам жей тургандай кылып даярдаганго,озун жедириш керек
+1
kamarik
2014-06-07 08:11:29
тиштеп салдыили жеп салды?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан