2014-жылдын 5-июнуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 640 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суунун агып кирүүсү секундасына 582 метр кубду түзсө, агып чыгуусу секундасына 248 метр кубду түзүүдө. Ал эми былтыр ушул маалда агып кирген суунун көлөмү секундасына 982 метр кубду түзгөн. Ал эми агып чыккан суунун көлөмү 201 метр кубга барабар болчу.