“Айыл-агро-2014” көргөзмөсүнүн жыйынтыгында айыл чарба техникаларын сатып алууга 358 кайрылуу түшкөнү айтылды

2014-жылдын 14-16-май күндөрү Бишкекте өткөн “Айыл-агро-2014” көргөзмөсүнүн жыйынтыгында айыл чарба техникаларын сатып алууга "Айыл банкка" 358 кайрылуу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, учурда кайрылууларды аталган банк караштырып жатат. “358 кайрылуудан трактор сатып алууга 79, комбайн сатып алууга 24, кайра иштетип чыгуу үчүн жабдууларды сатып алууга 95, асылма жабдууларды сатып алууга 160 кайрылуу түшкөн. Салыштырып көрсөк, 2013-жылы аталган көргөзмөнүн жыйынтыгында 80ге жакын кайрылуу түшкөн”,- деди ал.

Белгилей кетсек, "Айыл-агро-2014" көргөзмөсүндө 9 мамлекеттин 40 уюмунан 87 айыл чарба техникасы көрсөтүлгөн. Иш-чарага 7 миңден ашуун адам катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан