Маалыматка ылайык, аталган оорукананын ичине 16 камера орнотулуп, ага 76 миң сом сарпталган. Учурда видеокөзөмөл ооруканадагы эң зарыл болгон бөлүмдөргө гана орнотулду, жакынкы арада дагы 16 видеокамера алынып, башка бөлүмдөргө да орнотулмакчы.
Орнотулган видеокамералар ооруканадагы коррупциялык иш-аракеттердин алдын алуу, медицина кызматкерлеринин оорулууларды кабыл алууда жасаган мамилелерин көзөмөлдөө максатында коюлган.