Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында депутаттар Ош шаарынын газсыз калышы боюнча маселеге парламент аралашуусу керектигин айтышты. Бул маселе боюнча өкмөт конкреттүү жооп айтышы керектиги белгиленди. Жыйында отурган депутат Равшан Жээнбеков газ маселеси боюнча сөз бериле электе кыйкырып сунуш айтты эле, төрага Асылбек Жээнбеков ага жооп кайтарды. “Көчөдө жүргөнсүп кыйкыра бербе! Парламент кетсин деп көчөдө кыйкырганың да жетет. Газ боюнча маселе жакында комитетте каралат”,- деди төрага.