Депутаттар “биз “Центерраны” эмес, тескерисинче, ал бизди коркутууда” дешти

Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында депутаттар олуттуу маселелер боюнча парламент кабыл алган токтомдор аткарылбай жатканын айтышты. Депутат Ташполот Балтабаев “Кумтөр”, Азиз Батукаев маселеси боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери аткарылбай жатканын белгилеп, “Төө куштун кейпин кийип кумга башыбызды тыгып отура бергенибиз болбойт. Эл жоопту күтүп жатат, жакында каникулга кеткени жатабыз. Муну тездетиш керек” деди.

Депутат Назарали Арипов “Кумтөр” боюнча парламент кабыл алган токтомго токтолду. “Башында “Центерраны” биз коркутабыз дедик эле, бирок азыр ал бизди коркутууда. "Мөңгүлөрдү бербесеңер, 15 күндүн ичинде “Кумтөр” ишканасы токтойт" деп жатат. Парламенттин токтомунун аткарылбаганынын жыйынтыгы ушу”,- деди депутат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан