Жалал-Абад шаарынын тазалыгы үчүн Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобаза кайрадан кечки рейддерди баштады. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 2 жашоочу туура эмес жайга таштандыны таштап жаткан жеринен кармалып, акт түзүлдү.
“4-июнда атайын комиссия түзүп, кечкисин рейд жүргүздүк. Анда Барпы-Сейил көчөсүндө жашаган 2 тургун таштанды таштоого мүмкүн болбогон жайга таштап жатканда кармалып, акт түзүлдү”,- дейт Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын жетекчиси Төлөнбек Бакиров.
Айта кетсек, аталган рейд саат 19:00дөн 23:00гө чейин улантылат. Ошондой эле ушул күнгө чейин шаар тургундарына эскертүүлөр берилип, айына 2 күн кечкисин рейд уюштурулуп келүүдө.