“Дыйкандарга берилип жаткан жеңилдетилген насыялардын көлөмү 4 миллиард сомго жетти”,- деп айтты бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.
“Бул көрсөткүчкө 4 айда жеттик. Демек, айына дыйкандарга 1 миллиард сом насыя берилип жатат. 2013-жылы жалпысынан 3 миллиард 176 миллион сом берилген болчу. Жеңилдетилген насыяларды берүү менен жумушубуз туруктуу нукка түшүп, системдүү түрдө иш жүзүнө ашып жатат. Бул комплекстүү иш-чара дыйкандарды гана эмес, банктарды дагы өнүктүрүүгө чоң жардам берет”,- деди ал.
“Жазгы талаа жумуштары негизинен аяктап калганына байланыштуу жай айларында насыялардын көлөмүнүн төмөндөшүн божомолдоп жатабыз. Күздөн баштап насыялар кайра активдүү бериле баштайт. Бул жылдын аягына чейин 7 миллиард сомго чейин насыяларды берүүнү пландаганбыз”,- деп кошумчалады Сарпашев.