Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев уулунун кылмышы үчүн райондук милицияны куугунтуктап жатканы бүгүн, 5-июнда парламент жыйынында айтылды. “Аксынын Кара-Жыгач айылынын тургундарынан кайрылуу келди. Аким трайбализм менен алектенип жатыптыр. Уулу унаага май куюучу жайда уурулук кылган экен, эми милиция кызматкерлерин куугунтуктап жатыптыр. Жакында жүздөгөн адам митингге чыгыптыр, "эгер акимге өкмөт чара көрбөсө, кайра митингге чыгабыз" деп жатышат”,- дешти депутаттар.
Акимдин кызматка дайындалышы да мыйзамсыз болгону айтылды.