Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду дипломатиялык мамилелерге 20 жыл толушу менен куттуктады

Бүгүн, 14-январда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев тажик президенти Эмомали Рахмонду Кыргызстан- Тажикстан дипломатиялык мамилелерине 20 жыл толушу менен куттуктады. Куттуктоодо: “Урматтуу Эмомали Рахмон, Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттеринин дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө 20 жыл болгондугу менен куттуктайм! Өткөн 20 жыл ичинде биздин өлкөлөр ынак коңшулук мамиле өнүгүп, жыл сайын мазмундуу жана динамикалуу мүнөзгө ээ болууда. Аймактагы маанилүү маселелерди чечүүнү бириктирген кыргыз-тажик мамилелери келечекте да өнүгүп, биздин элдер менен өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн чыңдалат деп ишенем.Сизге чын жүрөктөн чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми коңшу өлкө Тажикстанга  тынчтык, бейпилдик жана өркүндөп-өсүүнү каалайм”,- деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан