"Буудайды 131 900 гектар жерге айдоо пландаштырылган. Анын 130 миң гектарына буудай эгилди. Ошентип, план толугу менен аткарылды десек болот",- деп айтты бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында КРнын Биринчи вице-премьер-министри
Тайырбек Сарпашев.
Анын айтымында, арпа бул жылы 5300 гектарга көп эгилип, жалпы аянты 142 миң гектарга жетти. "Жүгөрү, жашылча, картошка пландары негизинен аткарылды. Төө буурчак республика боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 9 миң гектарга көп себилди. Былтыр 48 миң гектар болчу. Кант кызылчасы 7300 гектарга себилди. Былтыркыга салыштырмалуу бул көрсөткүч 300 гектарга көп",- деди ал.