Жогорку Кеңеш: Асылбек Жээнбеков менен Равшан Жээнбековдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты

Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков менен депутат Равшан Жээнбековдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Пикир келишпестик Ош шаарына газ берүүнүн кечигип жатканы боюнча келип чыкты. Равшан Жээнбеков “Ош шаарынын газсыз калышына кимдер күнөөлүү болсо, коомчулук алдына алып чыгып, “ушул адамдардын айынан газы жок отурасыңар” деш керек. Сталиндин заманы болгондо буга күнөөсү барлардын баарын атып салмак. “Кыргызгаз” сатылып жатканын колдоп сиз да бир нече жолу сөз сүйлөгөнсүз. Сталин сизди да чекеңизден сыламак эмес. Муну комитетке шылтабаңыз, тез арада карашыбыз керек”,- деди депутат төрагага. 

Буга төрага өз жообун кайтарды. “Сталин болгондо биринчи кезекте бала бакча, мектептерди саткан сизди чекеңизден сыламак эмес”,- деди төрага кесиптешине. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан