Бүгүн, 5-июнда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Баткен райондук бөлүмү тарабынан жумушсуз жарандарды ишке орноштуруу максатында Баткен райондук бош орундар жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Алынган маалымат боюнча, бир топ жаштар жарманкеге келишти. Ал эми Баткен району боюнча 61, Кызыл-Кыя шаарынан 34, Лейлек, Кадамжай райондорунан 40 бош орун сунушталып, жалпысынан 198 бош орун бар.