Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Нарын шаарынын көчөлөрү боюнча маселе көтөрдү. Депутат аталган шаардын борбордук көчөлөрүн асфальттоо маселесин чечүү керектигин айтат.
“Нарын облусунун борбору Нарын шаарынын көчөлөрүн көрсөңүздөр, мышык ыйлайт. Шаардын көчөлөрүнүн асфальттанбай турганы уят. Муну өкмөт тез арада чечиши керек”,- деди ал.
Жыйын уланууда.