Бельгияда "учуучу ресторан" ачылды

Дүйнө эли күн сайын жашоого өзгөчө жаңылык киргизип турары баарыбызга маалым эмеспи. Бул жолу бельгиялык ишкерлер өзгөчө тамактануучу жайды, тагыраагы, "учуучу ресторанды" ишке киргизишти. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул өзгөчө жай 2-июндан тарта Брюсселдеги "50 жылдык" атындагы сейил бакта иштей баштады. 22 кишиге ылайыкталган ресторандын салмагы 1 тоннага жакын. Аны жүк көтөрүүчү кран 50 метр бийиктикке чейин көтөрүп турат. Анда ашпоз, официант жана коопсуздук кызматкери гана иштейт. 

Кардарлар отургучтарга атайын курларды тагынып отурушат. Мындай өзгөчө жайда тамактануу үчүн кардарлар эки жума мурун жазылышат жана мындагы эки сааттык тамактануу 250 еврого бааланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aipri
2014-06-05 12:09:49
Мага жакты.
+1
kelechek.kg
2014-06-05 12:13:24
ой шумдугун кургур озгочого
0
aitowa11
2014-06-05 22:26:30
Соонунго
0
AZIK01
2014-06-06 13:26:25
Жерде эле кок чайдан ичип отурганга не жетсин.
+2
nurkasym-2014
2014-06-06 17:24:25
Тамак аш болобу?
0
Ayperi94
2014-06-07 18:17:48
Аябай сонун ойлоп табышыптыр...
0
abaychik
2014-06-07 23:34:07
иий койчу качан тушуп кетем деп жегенин каякка кеткени да билинбей калат го, мага 2500 евро толоп беришсе да чыкпайт элем)))).
0
Feijipiao
2014-06-12 14:27:10
Соонунго жагымдуу,салкын жел журуп турса керемет эле болгудай.Эх элестетип кеттим.
0
taalaibest
2014-10-28 10:24:36
Жакшы экен! Экстрималдуу тамактанып дагы аласын озунчо ле адреналин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан