“Орусияда 2 миллиондон ашуун биздин жарандардын биометрикалык маалыматтары бар экени белгилүү болду”,- деп айтты бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.
Анын айтымында, бул маалыматты ага Орусиянын Федералык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский жеке жолугушууда билдирген. “Биздин мекендештерибиздин биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча иш алып барып жатабыз”,- деди Сарпашев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда биометрикалык базаны топтоо иштери 2014-жылдын 31-августунан башталары белгиленген.