Анвар Артыков: “Электр энергиясынын өздүк наркы боюнча бир дагы мамлекеттик орган так маалымат бербей жатат”

Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында депутат Анвар Артыков өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн электр энергиясынын өздүк наркы тууралуу маалымат алып берүүнү өтүндү. Бизде электр энергиясынын өздүк наркына жооп бере турган мамлекеттик органдар бар, бирок алардын бири да так маалымат бербей жатат. Бир кызматкер келди, сүйлөштүм. "Электр энергиясынын өздүк наркы деген эмне?" десем, "билбейм" дейт. Татыктуу жооп ала албай койдум",- деди депутат.

“Ушу тапта Токтогул суу сактагычында суу аз. Азыр 14 миллиард куб суу калышы керек эле. Ал суу кайда кетти? Алдыда кыш мезгили турат, сөзсүз депутаттык комиссия түзүп, муну иликтеп чыгышыбыз керек”,- деп кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан