Өкмөт: "Биометрикалык паспорт жөнүндө туура эмес маалымат таратылып жатса, "Супер-Инфо" так маалымат берүүдө"

"Айрым массалык маалымат каражаттары биометрикалык паспорт жөнүндө туура эмес маалымат таратып жатышат. "Супер-Инфо" гезитинин биометрикалык паспорт боюнча жазган макаласы так жазылган". Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда өткөн маалымат жыйынында өкмөттүн басма сөз катчысы Мелисбек Эржигитов билдирди. 
Биометрикалык маалымат - адамдын 10 манжасынын изи, 2D форматындагы сүрөтү жана электрондук колу. Ушул белгилерди жаран тапшырса, булар анын биометрикалык маалыматы болуп калат.
Ал эми өкмөт паспортту каалаган жарандарга 2015-жылдын июль айынан баштап таратып бере баштайт. Биометрикалык белгилерди бардык 16 жашка толгон кыргызстандыктар милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш. Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 9-11-июнунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баш болгон кыргыз делегациясы Монголияга барып, монгол өкмөтүнүн биометрикалык маалымат базасын топтоо тажрыйбасы менен таанышып келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан