Ак-Татыр айыл округунун жер адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-июнда билдирди.
Маалыматтарга ылайык, 2014-жылдын 3-июнь күнү саат 16.00 чамасында Баткен ОИИБинин 5-бөлүмүнүн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Баткен районунун Ак-Татыр айыл округунун 47 жаштагы жер адиси М.М. Кадамжай районунун Алга айылынын жанындагы Ош-Исфана автожолунда 33 жаштагы К.Адан 0,25 га жер бөлүп берүүнү убада кылып, 15 000 сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 47 жаштагы М.М. убактылуу кармоочу жайына киргизилген.