Жогорку Кеңештин төрагасы: “Былтыр Жети-Өгүздөгү жаңжалда 9 адам өлүптүр деп сүйүнүп келгендердин бири – Равшан Жээнбеков”

“Былтыр Жети-Өгүздөгү жаңжалда 9 адам өлүптүр деп мага сүйүнүп келгендердин бири – депутат Равшан Жээнбеков”,- деди ЖКнын 5-июндагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков. Төрага депутат Жээнбековдун басып өткөн жолун эске салды.

“Силер убагында башкача иштегениңерде азыр кырдаал бүгүнкүдөн жакшыраак болмок. Газ маселесин түшүнбөгөндөн кийин буга киришпей эле коюңуз. Электр энергиясындагы жана газ көз карандысыздыгы боюнча 20 жылда жасалбаган иштер 2 жылда жасалууда. Аларды биротоло берген жокпуз, келишимде 25 жыл деп турат. Былтыр Жети-Өгүздөгү чатакта 9 адам өлүптүр деп мага сүйүнүп келгендердин бири – ушул Жээнбеков. Илгери эт комбинатында "козёл-провокатор" деген болор эле, ичкери кирбей жаткан койлорду өлүмдү көздөй ээрчитип кирип, өзү башка эшик менен сыртка чыгып кетчү. Мен буга окшогондорду ээрчибейм. Элге да айтат элем, Равшан Жээнбековго окшогон адамдарды ээрчибегиле”,- дейт төрага.

Айта кетсек, жыйында депутат Равшан Жээнбеков газ маселеси боюнча төрагага катуу сындарды айткан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан