“Кумтөр” маселеси боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы парламенттин тармактык комитетинде 10-июнда каралат. Муну бүгүн, 5-июнда төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. “Комитетте 10-июнда каралып, бир жыйынтыкка келет. Палатага алып чыгуу же башка чечим кабыл алынат”,- деди төрага.
Жыйында бир катар депутаттар парламент кабыл алынган токтомдор аткарылбай жатканын айтышкан эле.