Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси туура эмес дайындалганын айтты.
"Ветеринардык инспекциянын башчылыгына кесиби зоотехник адам дайындалыптыр. Эмне үчүн андай болуп калганын бизден сурап жатышат. Биз дагы дал ушуну өкмөттүн өзүнөн сурагыбыз келет. Эмне, оорукананын башкы дарыгерлигине ветврачты дайындаса деле боло береби?"- дейт депутат.