“Алайдагы митингчилердин талаптарына унчуккан жокпуз, жолду гана ачкыла деп жатабыз” деди парламент төрагасы

Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында да Алайда жол тоскон жарандардын көйгөйү айтылды. Оппозициялык фракциянын депутаттары митингчилердин талабын эч ким укпай жатканын айтышты. Төрага Асылбек Жээнбеков “Биз алардын талаптары тууралуу эч кандай сын айткан жокпуз. Жол тоспоону гана айтып жатабыз” деп билдирди. Депутат Бөдөш Мамырова: “Жол тосуу мыйзамсыз экенин өздөрү деле билишет, бирок алардын үнүн эч ким укпагандыктан, ушундай мыйзамсыз иштерге барганын айтышууда. Келдибековду үй камагына чыгарып коюп, тергөөнү уланта берүүнү суранышууда”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан