Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Аламүдүн районунда жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу себеп болгон.