Аксыда балык уулап жүрүшүп сууга агып кеткен 2 жарандын бири табыла элек

Аксыда балык уулап жүрүшүп сууга агып кеткен 2 жарандын бири табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-июнда билдирди.

Айта кетсек, 27-май күнү Таш-Көмүр шаарынын тургундары 1965-жылы туулган Үмөт Балтабаев жана 1952-жылы туулган Абдысатар Абдыкадыров Кара-Суу дарыясында балык уулап жүрүшүп сууга агып кетишкен. Ошол эле күнү куткаруучулар жана туугандары менен биргеликте издөө иштери жүргөн, бирок натыйжа болгон эмес. Эртеси күнү да издөө иштери жүрүп, Кара-Суу дарыясынын жээгинен 1952-жылы туулган Абдысатар Абдыкадыровдун жансыз денеси табылган. Ал эми экинчи жаран дале изделүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан