Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп Дастан Догоев дайындалды. Тиешелүү буйрукка 4-июнда премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Дастан Догоев буга чейин "Инфо-систем" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.