Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн 22 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 5-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 
Ысык-Көл облусунда туулган 22 жаштагы Тишкимбаев Эльдар 2013-жылы Казакстандын жарандыгын алган. Ага "бейбаштык", "жарылуучу заттарды уурдоо, сактоо, ташуу", "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча айып тагылып, Алматы шаарындагы укук коргоо органдары тарабынан изделип жаткан.
Качып жүргөндүгүнө байланыштуу Тишкимбаевге карата сырттан сот өкүм чыгарган.  
Маалым болгондой, кармалган жаран Алматы шаарында жайгашкан Беларусь мамлекетинин элчилигине кирип, күзөттө тургандарды сабап салган. Алардын курал-жарактарын алып чыгып кеткен. Тишкимбаевдин диний-экстремисттик сайттарга кирип жүргөнү белгилүү болгон.
Издөөдө жүргөн жаран Ош шаарындагы мечитте жашынып жүргөнү аныкталган. Кармалган учурда Э.Тишкимбаев мечитте диний маселелерди жана ангис тилин үйрөнүп жатканын айткан. 
Кармалган жарандын божомолуна караганда, ал жерде билим алып жаткан балдар чет жактарга жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул версияны ички иштер органдары текшерүүгө алышары маалым болдду. 
Азыркы тапта Э.Тишкимбаевди Казакстанга өткөрүп берүү боюнча чаралар көрүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ylia
2014-06-05 17:51:42
ушундай акылдуу жиндилердин баарын кармаш керек!
0
tirik
2014-06-07 00:49:05
Эркек экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан