Украинанын чыгышында бир жарым айдан бери уланып жаткан аскердик аракеттердин жүрүшүндө 300гө жакын адам мерт болсо, 500 киши жараат алды. Бул тууралуу 5-июнда антитеррордук операция штабынын басма сөз катчысы
Владислав Селезнёв маалымат каражаттарына билдирген.
Маалыматка ылайык, өлгөндөрдүн көбү Украинанын азыркы бийлигине каршы чыккан орусиячылдар экени кабарланууда. Ал эми каза тапкандардын канчасы карапайым калк өкүлү экени ачык айтыла элек. Донецк облусундагы кырдаалдан улам 15 миңдей адам башка жакка көчүүгө аргасыз болгонун облустук администрациядан билдиришти. Славянск шаарынын 40 пайыз жашоочусу калаадан чыгып кетишсе, айрымдары жер төлөлөрдө күн кечиришүүдө.