Жогорку Сот: Судьяларды тандоо кеңешинин 8 мүчөсү шайланды 

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Судьялар кеңеши Судьяларды тандоо боюнча кеңешине судьялардын чогулушунан көрсөтүлгөн талапкерлерди, өзүн өзү көрсөтүү тууралуу судьялардын арыздарын карап чыгып, төмөнкү чечимди кабыл алды:

КРнын Конституциясынын 95-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» КРнын мыйзамынын 4-6-беренелерине, «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамына ылайык, КРнын Судьялар кеңеши судьялардын съездинде белгиленген тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамынын үчтөн бирин шайлайт.

2011-жылдын 18-июнундагы Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезексиз IX съездинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө судьяларды шайлоо тартиби бекитилген.

Жогорудагы съезддин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулуштарында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер көрсөтүлгөн, аны менен бирге Судьяларды тандоо боюнча кеңешине судьялардын да өзүн өзү көрсөтүү арыздары берилген.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешине талапкерлерди шайлоо боюнча материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешине төмөнкү судьяларды шайлоо чечимин кабыл алды:

1. Мухамеджанов Абылай Жумакадырович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы;

2. Мурзалиева Жыргал Нуржановна –Бишкек шаардык сотунун судьясы;

3. Мусуралиева Аида Султангазиевна – Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясы;

4. Назаров Дамирбек Дүйшеевич – Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы;

5. Сатыбалдиева Нургүл Айыповна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы;

6. Сапаралиев Акмат Ниезмаматович – Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы;

7. Эсеналиев Нурбек Канатбекович – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы;

8. Эсенканов Качыке – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан