Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы шаардагы «Боорукердик» үй-интернатынын, «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн, «Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн, «Бүчүр» реабилитациялык борборунун, «Жаш канат» күндүзгү борборунун, «Үй-бүлө жана бала» күндүзгү борборунун тарбиялануучуларына 10-июнга чейин шаардагы Токтогул жана Навои атындагы эс алуу бактарындагы аттракциондорго түшүүгө акысыз талондорду таркатты. Бул мүмкүнчүлүктөн жалпы 350 бала пайдалана алат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда аталган мекемеден билдиришти.