Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында экономика министри Темир Сариев “Кыргызстанга саясий жана экономикалык туруктуулук жетишпей жатат” деп билдирди. Айта кетсек, жыйында депутаттар “Монголия Бажы биримдигине кирбей эле өнүгүп жатат го, ал өлкөнүн тажрыйбасын карап көрдүңөрбү?” деп сурашкан эле. Сариев “Монголияда саясий туруктуулук бар, экономиканын өсүшүнө стабилдүүлүк таасир этет. Экинчиден, аталган өлкө өзүнүн кен байлыктарын ири инвесторлорго беришкен. Мунун жыйынтыгында экономикасы туруктуу өсүп жатат”,- деп билдирди.
Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын бардык өлкөлөр менен, анын ичинде Кытай, Түркия менен мамилеси азыркыдай бойдон каларын белгиледи.