Жогорку Кеңеште бүгүн, 5-июнда парламенттин жетекчилик курамын шайлоо процессин жөнгө салууга багытталган “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Тармактык комитеттин өкүлүнүн айтымында, бул мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо тартиби кайрадан такталып жатат. Андан сырткары шайлоо учурунда шайлоо комиссиясын түзүү жол-жобосу алынып салынды.
Мыйзам долбоору боюнча экинчи окууда сунуштар келип түшпөгөнү айтылды.