Камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот ишин кароочу жаңы судья дайындалды. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. "Биринчи Май райондук сотунун төрагасы сот ишин судья Адылбек Субанкуловго тапшырды. 24-январда соттун жаңы курамы менен сот жыйыны өтөт",- деди Айткулов. Эскерте кетсек, 10-январда Биринчи Май райондук сотунда аталган депутаттар боюнча сот иши болуп, анда депутаттардын жактоочулары сотко төрагалык кылып жаткан судья Абдыразак Боромбаевге ишеним көрсөтпөй турганын айтып, ишти башка судьяга өткөрүп берүүнү талап кылган болчу.