"Мени зордуктагандар үй камагына чыгарылып, өтө жеңил жаза менен кутулуп кетишти. Бул чечимге нааразымын" дейт Калия Арабекова

"Мени кыйнап унаага салып кетишип, кийин үйлөрүнө алып барып зордукташты. Ал жактан ар түрдүү кылып кыйнап жатышты. Мени зордуктагандардын бири Алыбаев агарган затты жыттап, көзүн кызартып жатты",- дейт жабырлануучу Калия Арабекова бүгүнкү маалымат жыйынында.

"Алардын баары үй камагына чыгарылып, өтө жеңил жаза менен кутулуп кетишти. Камакка алынышкан жок. Мен бул чечимге нааразымын. Кийин менин балдарыма залалы тийиши мүмкүн. Ансыз да телефонума "Көк мээ, сага ким ишенмек эле?!", "Балдарыңды ойло!" деген смс-билдирүүлөр келип жатат",- дейт Арабекова. 
Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары өткөн жылдын 30-декабрында аны зордукташкан. Аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташкан. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Бирок зордуктоого шектелген сот аткаруучулар кызматтарынан бошотулушканы менен, эркиндикте жүрүшөт. Мындан улам Арабекова өлкө жетекчилигине кайрылып, аталган адамдарды сот жообуна тартууну суранып жатат.
"Мени зордуктаган үч адам боштондукта жүрөт" дейт Калия Арабекова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
aigulai
2014-06-05 13:19:16
Таластын сот аткаруу кызматынын башчысы мурдуна бок суйкосо деле отура береби, бошотуп салбайбы жумуштан, мекеменин абройуна шек келтирип жатасынар деп. Болбосо сот аткаруучулар зордуктаптыр деген, Кыргызстандагы болгон сот системасына удар болуп жатат го
+8
Aimeerimka
2014-06-05 13:56:49
Эх Кыргызым (кээ бири) мынча акылсыз тушунугу жок томон адам болбосок. Акылга сыйбаган иш да кылганынар акмактар. Кайсыл жерге барба мамайдын гору болуп калды го.
+8
nora00
2014-06-05 14:15:30
ужасссссссссссс
+7
MEDER_KULETOV
2014-06-05 14:52:39
Илгиз Карымбаев деген жигит биздин айылдан ал баладан баарын күтсө болот
+11
kama_future_millioner
2014-06-05 15:18:27
Сот органдары ушундай кылып жатса ал органдардан жакшылык кутпой эле коюш керек
+11
Aisanat
2014-06-05 17:39:31
kama_future_millioner, кечир плюс коем деп минус коюп алдым. Сага тодук кошулам. Ишенген кожолор ушинтип жатышса. Анан да карга карганын козун чукубайт болуп басты басты кылышкан тура акмактар.
+1
gapar82
2014-06-05 16:13:31
Кудай сактай коор
+2
nurali20
2014-06-05 16:54:12
Качан бир кылмышкерлер оз жасасын алат???Ыйлап,жабыркап,АКЫЙКАТ издеген эле карапайым эл.
+3
aida2013
2014-06-05 17:31:12
ХХХ ХХХ ХХХ... зоокурлор сот кызматкерлери дагы уялбай.......
+1
admin_portal
2014-06-05 17:34:10
aida2013 - 3 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
-3
ylia
2014-06-05 18:01:50
элдин талкуусуна алынып калды эми сот органдары бир чара колдонбогонго да айласы жок!болбосо жумушунан кетет!алар турмого тушсо хуже болуп чыгат!а чыкбай калуусу шектуу го баарыбир!
+1
hakker_a
2014-06-05 20:03:49
Эх Кыргыз элим эмне болуп баратасын. Бизде Манастын урук тукумунда мындай мыкаачылар болгон эмес. "Балык башынан сасыйт" деген ушулда. Адилеттуулукту куткон сот органдарынын кызматкерлери б.а сот аткаруучулар ушундай болсо "АДИЛЕТ" кайсыл жакта
+2
Tao
2014-06-05 20:37:15
Эгер кыргыз окмоту, президент Атамбаев баш болуп буга реакция кылбаса окмот, парламент бийликтин балекетин албай кийинки революцияга жол бошотуп беришсин. Эми элдин арасынан Робин гуддар чыгып жазашын бериши керекпи алардын?. Кыргызстанда 2 вор журот, черныйлар рулит дешет алар эмне бок жеп журушобу?.Эгер милийсанын да соттун да колунан бок келбесе инициативаны черныйлар алышы керек. Кыргызстанда деги нормально жашоо болобу же ушинтип улуп уншуп эле журо беребизби?.
+2
Ergeshev.77
2014-06-05 21:56:52
кыргызстанда жалган айтпасам соттук реформа деп айтып калышчу эле демек эч кандай реформа жок окшойт гоо дейм
0
Kanat8427
2014-06-06 00:41:11
Бул торт кылмышкер эртен эле бул кылмыштарын кайталашат, торт дегеним соттда барда. Эртен дагын бир шордууну сыздатат учобу, сот уй камагына чыгарат эс алып алгыла деп...
+1
admin_portal
2014-06-06 09:58:38
aibek90 - 3 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт.
0
Erhan
2014-06-06 13:36:21
Элге пайдасы тийбеген мыйзамдарды кабыл алышып,бир жылда оздору учун ар бир жепжуттарыбыз 6 миллион сомдон карапайым элдин эсебинен коротуп жашашса,сотторубуз адилет эмне экенин билишпесе,анда булардын бизге эмне кереги бар?Черныйларды адилетуу дешетко,ошолорго эле кайрылсаныз болмок экен бул эжекебиз.Ошол соттордун кыздары,эжелери жок окшойт.Бирок баары бир окмот жазалабаса,бир куну Кудай озу эле жазалап коёрун унутпайлы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан