Кыргызстандын бардык аймактарында айыл өкмөттөрүнүн ишин баш аламан текешерүү күчөдү. Текшерүүлөр айлап жүргүзүлүп, айрым айыл өкмөттөрдүн ишин жылына 20-28 жолу текшерген учурлар болууда. Муну парламенттин 5-июндагы жыйынында депутат Уланбек Нуркулов билдирди. Айтымында, айыл өкмөттөрү мындай текшерүүлөрдөн тажап бүтүштү.
"Текшерүүлөрдүн канчалык мыйзамдуу экенин иликтеп чыгуу сунушумду башкы прокурордун өзүнө да билдиргем. Эми прокуратура кызматкерлери ошол 5-6 органдын өкүлдөрүнө кошулуп алып өздөрү да текшере баштаптыр. Ушу кантип болсун? Менимче, айыл өкмөттөрүнүн ишин текшерүүдөгү баш аламандыкка чекит коюуга мезгил жетти. Тиешелүү жетекчилер муну тезинен колго алышы керек",- дейт депутат.