Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы аймактык инспектору 10 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы аймактык инспектору 10 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 30-май күнү милиция кызматкерлерине шаардагы караоке-барлардын биринде иштеген Э.Б. аттуу жаран кайрылган. Анда милиция кызматкери “интимдик кызмат көрсөтөт” деп каттоого аларын айтып коркутуп, 15 миң сом талап кылган. Ошондой эле аталган милиция кызматкери “отметка” катары ар бир 15 күн сайын 10 миң сом берерин айткан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Анын жыйынтыгында 4-июнь күнү Э.Б. аттуу жарандан 10 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен милиция кызматкери кармалган. Ал Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы аймактык инспектору болгон. 2010-жылдын 30-августунда жаман иштер боюнча жумуштан алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
primer-dent
2014-06-05 14:39:25
Акча каражаты алган адамдын аты-жону жана суроту жокпу
0
ylia
2014-06-05 17:48:02
кармалбаганы дагы канча!ошо кармаган адамдар да оздору биринчи пара алып туруп анан башкасын кармап берсе керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан