"Түндүк электр" ишканасы билдиргендей, эртең, 15-январда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Өчүрүү саат 10:00дөн 14:00гө чейин, шаардын Щербаков,Тыныстанов, Бакинская көчөлөрүндө болот. Ошондой эле саат 8:00дөн 15:00гө чейин Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында жана Алтын-Ордо конушунда да электр жарыгы болбойт. Мындай өчүрүү «Карагачевая» көмөк чордонундагы жана «Костромская-Рассвет» электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.