Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери бардык маалыматты өзгөртүү менен паспортту, чет жакка чыгууга жол берген паспортту даярдап берүү үчүн 800 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле паспортто жарандын аты-жөнү өзгөртүлгөнү, Социалдык фонддун кызматкерлери идентификациялык номурун, Никеге каттоо кызматынын кызматкерлери туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, никеси тууралуу күбөлүктү өзгөртүп салышканы аныкталган. Бул факт боюнча “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери убактылуу кармоочу жайга камалган.