Сирияда Башар Асад кайрадан президент болуп шайланды

Сирияда өткөн президенттик шайлоодо Башар Асад шайлоочулардын 89 пайызынын колдоосуна ээ болуп, кайрадан 7 жылга президент болуп шайланды. Атаандаштары Хасан Абдель Илляхи ан-Нури 4,3 пайыз, Махера Абдель Хафиз Хаджара 3,2 пайыз добуш алды. Чет элдик ММКлардын берген маалыматтарына таянсак, шейшембиде башталган шайлоого шайлоочулардын 73 пайызы катышты. Ал эми өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөбөгөн аймактарда шайлоочулар добуш берүүгө катышпаганы айтылды. Бул тууралуу 5-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Башар Асад президенттик тактыны үчүнчү жолу ээлеп жатат.

Эскерте кетсек, бул өлкөдө үч жылдан бери жарандык согуш жүрүп жатат. Андан 150 миңге чукул адам набыт болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан