Кыргызстанда автоунаа тетиктери кымбатташы мүмкүн. Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында экономика министри Темир Сариев өлкө аймагында жаңы ГЭСтер курула баштагандыктан, сырттан алынып келинчү цементке, автотетиктерге карата бажы чени жогорулай турганын айтты. Министрдин билдиришинче, бажы тарифтеринин ченин төмөндөтүүдөн мамлекеттик бюджет 12 миллион сом чыгаша тартса, бажы ченин жогорулатуу эсебинен 122 миллион сом киреше алат.
Кыргызстанда былтыр 32 миллион даана жумуртка, 1,6 миллион тонна цемент өндүрүлгөнүн эске салды Сариев. Бул өлкөнүн ички керектөөсүнө жетери, аларга карата бажы алымдарын көтөрүү менен ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өнүмдөрүнүн өтүмдүүлүгү жогорулатылмакчы.