"Коңшулар жаңы технологияга өтүштү, биз артта калдык" дешти депутаттар

2009-жылы кытайлык компания 5 жылдык долбоордун алкагында Кыргызстандын түштүк аймагы аркылуу була-оптикалык чубалгысын тарта баштаган. Бирок иш аягына чыкпай, чубалгылар ар кайсы жерде чачылган бойдон калды. Муну депутат Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында айтып чыкты. Анын билдиришинче, мындай ири долбоорлор Жогорку Кеңештин көзөмөлүнөн чыкпашы керек. Депутат өлкөнү санариптик телеберүүгө өткөрүү маселесине токтолду.

"Транспорт жана коммуникация министрлиги санариптик телеберүүгө өтпөй эле, жарым жыл ичинде өлкөнү IP-телекөрсөтүү жана интернет менен камсыз кыларын айтууда. Айтып коёюн, алар башты айландырып жатышат. Санариптик телеберүүгө өтүү боюнча мурун "азыр эрте" деп келсек, эми "кечигип калдык" дегендей болуудабыз. Коңшу өлкөлөр жаңы технологияга өтүштү. Тайырбек Сарпашев "аналогдук телеберүүдө эле калат окшойбуз" деп жатат. Бул эмне дегендик?"- дейт Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан