Каржы министри: "Сырттан карыз албасак, бюджеттик чоң дефицит пайда болот"

"Бюджетти колдоо максатында сырттан карыз албасак, өлкө бюджетинде чоң дефицит пайда болот". Муну каржы министри Ольга Лаврова айтканын 5-июнда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Министр Кыргызстандын тышкы карызы ушу тапта ички дүң өнүмдүн 44,4 пайызын түзөрүн, бул анчалык деле коркунучтуу эмес экенин айтат. "Биз насыя каражаттарынын басымдуу бөлүгүн өлкөнүн ички инфратүзүмүн жакшыртуу багытында гана алып жатабыз. Айрым учурда мамлекеттик бюджетти бекемдөө үчүн жеңилдетилген насыя каражаттарын алууга туура келет. Ансыз 2012-жылдагыдай чоң бюджет таңсыктыгы пайда болот",- дейт Лаврова.
Айта кетсек, премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн тышкы карызынын суммасы 3 миллиард доллардын тегерегинде экенин айткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан