Дастан Жумабеков: “Кумтөрдөгү” Давыдов мөңгүсү саатына 12 сантиметрден жылууда деп айтылууда”

“Кумтөрдөгү” Давыдов мөңгүсү саатына 12 сантиметрден төмөн көздөй жылып жатат деген маалыматтар бар. Муну парламенттин 5-июндагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков айтып чыкты. Депутат бул боюнча өкмөт так маалымат бериши керек деп эсептейт.

“Давыдов мөңгүсү жылып, карьерге жетип калыптыр. Мурда 30 метрлик дамба тосулган экен, андан да ашып түшүп, эми 70 метрлик дамба курулганы жатыптыр. Бул боюнча өкмөттүн так маалыматын угушубуз керек. Ансыз да “Кумтөр” боюнча парламент кабыл алган токтомдун аткарылышы кечигип жатат”,- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан