* Мындан 86 жыл мурун, 1928-жылы Кыргыз улуттук агартуу комитетине караштуу Академиялык борбор Ленинград чыгыш таануу институтунун кызматкери Константин Юдахин менен ошол эле институттун студенти Кусеин Карасаевге кыргызча-орусча сөздүктү түзүү туурасында тапшырма берген.

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Кытайда кытай жаранын өлтүргөнү үчүн Кыргызстандын 3 жараны өлүм жазасына тартылган. Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, к
ыргызстандык үч жаран Кытай өлкөсүндө эки кытай бизнесменин өлтүргөндүгү үчүн кармалган. Алардын 2007-жылдын 15-октябрында кытай бизнесмендерин өтө мыкаачылык менен өлтүргөнү аныкталган. Жалданма киши өлтүрүүчүлөр 3 күндөн кийин чек арадан чыгып кетерде полиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан. 2008-жылдын 12-июнда үчөөнү өлүм жазасына тартууга өкүм чыккан. 
* Мындан 129 жыл мурун, 1885-жылы франциялык химик жана микробиолог
Луи Пастер тарабынан дүйнөдө алгачкы жолу кутурма оорусуна каршы вакцина ийгиликтүү колдонулган. Вакцинаны ойлоп табуусуна 2 окуя себеп болгон делет. Алгач Луи Пастер кутурмага чалдыккан жаш баланы айыктыруу максатында элдик дарыгердин ысык темир басканын көрүп, балага жаны ачып, кайгырган. Кийин тааныш мал доктур кутурмадан көз жумганы себеп болгон.