2012-жылы “Түндүк электр” ишканасы 4 миллиард сом чогултту. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
"Түндүк электр" ишканасынын маалыматы боюнча, 2012-жылы өлкөдө:
- электр энергиядагы жоготуу 22 пайызды түздү
- электр энергияга болгон калктын төлөмдөрүн чогултуу - 101,4 пайызга
- электр энергияга болгон өнөр жай ишканаларынын төлөмүн чогултуу - 100,5 пайызга
- бюджеттик уюмдардын төлөмүн чогултуу – 99,9 пайызга
- айыл чарба ишканаларынын төлөмүн чогултуу - 102,3 пайызга
- башка керектөөчүлөрдүн төлөмүн чогултуу 99,9 пайызга аткарылды.
Ал эми борбор калаадагы электр энергияга болгон төлөмдөрдү чогултуу 100,4 пайыз болсо, Чүй облусунда 100 пайызды түздү.