Өмүрбек Текебаев: “Кыргызстан койгон шарттар аткарылбаса, Бажы биримдигине кирүүгө добуш бермек эмесмин”

“Кыргызстан Бажы биримдигине кире турган болуп калды”,- деп билдирди “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 5-июнда “Парламент” радиосундагы маегинде. Депутаттын билдиришинче, Кыргызстанды Бажы биримдигине кирүүгө геосаясий кырдаал мажбур кылат.

“Биримдикке кирүүнүн жакшы жактары жана кемчиликтери бар. Кээ бир импорттолуп келчү товарлар кымбаттайт, бирок товардын үстүнө кошулган алым түздөн-түз биздин республикалык бюджетке түшөт. Эгерде акчаны уурдатпай колдонсок, жергиликтүү региондорду өнүктүргөнгө жана эмгек акыларды көтөрүүгө жумшалат”,- деди эл өкүлү. 

Бажы биримдигине кирүү чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын абалын жакшыртууга да шарт түзөрүн кошумчалады ал. Айтымында, коңшу мамлекеттер менен болгон интеграциядан улам чек ара маселеси да чечилип, өлкөбүздөгү өндүрүлгөн товарлар чет мамлекеттерге ээн-эркин жөнөтүлмөкчү. “Бул шарттар аткарылбаса, мен Бажы биримдигине кирүүгө добуш бермек эмесмин”,- деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан