Бүгүн, 5-июнда президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Бодрум шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык боюнча мамлекет башчыларынын кеңешинин IV саммитине катышууда. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын аймагында көптөгөн бөтөнчө табигый жана рекреациялык ресурстар, Улуу Жибек Жолунда улуттук, маданий жана тарыхый мурастын объекттери бар экендигин белгиледи. “Кыргызстанда 50дөн ашуун өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизилген. Дүйнөлүк туристтик уюмдун аныктамасы боюнча, Кыргызстан туристтик инфраструктураны тиешелүү деңгээлде өнүктүрсө, жылына 2,5 миллион чет элдик туристти кабыл алууга жөндөмдүү. Боордош Түркия Республикасынын ушул тармактагы тажрыйбасы биз үчүн жакшы үлгү. ТМКК өлкөлөрү бул тажрыйбаны региондук өнөктөштүктү активдештирүү аркылуу гана ишке ашырууга болот”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Ал мындай тажрыйба менен алмашуу үчүн ТМКК өлкөлөрүнүн ар жылдык туристтик көргөзмөлөрүн өткөрүүнү сунуш кылды. Бул көргөзмөлөрдө тажрыйба алмашып, туристтик индустриянын алдынкы жетишкендиктери көрсөтүлмөк. "Туристтик көргөзмөлөрдү өткөрүүчү жерлердин бири катары Борбордук Азиянын бермети болгон Ысык-Көлдү сунуштайбыз. Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүндүгү абдан кеңири: санаториялык ден соолукту чыңдоодон баштап тоо туризминин экстремалдык түрлөрүнө чейинки көптөгөн багыттары бар. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ушул жылы биз түрк дүйнөсүнүн архитектурасы жана шаар курулушу боюнча эл аралык курултайды, ошондой эле Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын өткөрүүнү болжолдоп жатабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.
“Эки-үч негизги проблеманы чечүүгө багыт алуу көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүп, биздин жана өкмөттөрүбүздүн ишинин сапаттуу болушуна түрткү берет деп ишенем”,- деп кошумчалады өлкө башчысы.