Алмазбек Атамбаев: "Биз маалымат технологияларынын чөйрөсүндө биргелешкен ишканаларды түзүүнү колдошубуз керек"

Бүгүн, 5-июнда президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Бодрум шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кызматташтык саммитинде: “Өз ара кызматташуубуз жакшы натыйжаларды берет деп ишенем”,- деди. Муну КРнын Президентинин аппараты билдирди.

Мамлекет башчысы туризм чөйрөсүндө маалыматтар менен алмашуу тармакты өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. “Биз маалымат технологияларынын чөйрөсүндө биргелешкен ишканаларды түзүүнү колдошубуз керек. Ошону менен бирге Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин ТМКК өлкөлөрүнүн инвестициялык фондун түзүү боюнча сунушун колдойбуз”,- деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ТМКК институционалдык негизи чыңдалып жаткандыгына канааттануусун билдирди. “Бодрум декларациясы кызматташуубуз конкреттүү жыйынтыктарды бериши үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат. Өз ара кызматташуубуз жакшы натыйжаларды берет деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле ТМКК башкы катчысы катары аткарган иши үчүн Халил Акынжыга ыраазычылык билдирди. Түрк Республикасына уюмдун төрагасы катары ишине ийгилик каалады.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл регионалдык коопсуздуктун, келип чыккан коркунучтардын алдын алуу үчүн биргелешип кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулоонун маанисин белгиледи. Туризм маселеси боюнча кеп кылып келип, Абдулла Гүл туризм тармагында кызматташууну чыңдоо менен өлкөлөр экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды дагы бекемдеп жаткандыгын баса белгиледи.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев ТМКК өлкөлөрү ТМКК алкагында гана бири-бирин колдобостон, башка эл аралык уюмдарда дагы улуттук кызыкчылыктарды коргоого көмөктөшөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ТМКК өлкөлөрүнүн экономикалык зор мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин, аны пайдалануу зарылчылыгын белгилеп, ТМКК өлкөлөрү туристтик кызмат көрсөтүү рыногунда өз үлүшүн көбөйтүүгө тийиш экендигин айтты.

Мамлекет башчылары экономиканы өнүктүрүүдө жана өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого түрткү берчү ТМКК өлкөлөрүнүн ортосунда транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.

ТМКК катышуучу өлкөлөрүнүн саммитинин жыйынтыгы боюнча Бодрум декларациясы кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан