Сот "лицензия берүүдө кызмат абалынан мыйзамсыз пайдаланган" деп айыпталган Учкунбек Ташбаевди 5 жылга эркинен ажыратты

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку жетекчиси Учкунбек Ташбаевди 5-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук соту 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.
Учкунбек Ташбаевге Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "лицензия берүүдө кызмат абалын мыйзамсыз колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 2012-жылы декабрь айында камакка алынган.
Ага "менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aviator
2014-06-06 11:39:54
жарым жылга жетпей чыгат да. Чиновниктер учун конумуш эле корунуш
0
Dadin
2014-06-06 16:50:41
2012 жылы декабрда камака алынса 1-1,5 айдан кийин чыгып калат экенда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан